Тышкы иштер министринин экс-орун басары Аскар Бешиов мурунку окуялардан кескин айырмачылыктары бар кайгылуу окуялар болуп өттү. Мурда бири-бирине таш ыргытышкан, кээде чек арачылардын ортосунда атышуу болуп келсе, бул сапар такыр башка өңүттөгү кайгылуу окуялар болду дейт.

Биз тажик аскерлеринин алдын-ала даярдалган атайын операциясына дуушар болдук. Алар биздин чек ара көйгөйлөрүнө эч кандай тиешеси жок жерлерди басып алышты.

Бул окуяларга аскердик агрессия деп баа беришибиз керек, бирок биздин өлкөнүн расмий органдары бул боюнча үн ката элек.

Мындан кийинки кадам, бул окуяларга расмий баа бергенден кийин, биз өз позициябызды  эл аралык коомчулукка таратуу менен, алардын көңүлүн бурушубуз керек.

Биздин эки максатыбыз мындай – болуп өткөн окуяларды келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен баалоо жана мындай окуялар кайталанбашы үчүн, Кыргызстан бул маселелерди тынчтык жолу менен чечүү ниетин билдирет. Тажик тарап маселени тынчтык жолу менен чечүү боюнча буга чейин бир топ жолу билдирүү жасаганы анык, бирок иш жүзүндө ал айткан сөзүнө турбайт.

Эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип жатышат, мындан тышкары жардам берүүгө даярдыгын билдиришти. Биз БУУнун, ЕККУнун эксперттерине кайрылып, коңшу мамлекеттерди, мисалы Россияны тартып, эмне болгонун көрсөтүшүбүз керек. Бирок мындай кайрылуу үчүн болуп өткөн окуяларга биз өзүбүз расмий позициядан баа берүүбүз зарыл. Анткени бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугу бул күнүмдүк чыр-чатак, анан кокусунан аскердик чыр-чатакка өтүп кеткен деген позицияда болуп жатат. Биз муну жокко чыгарып, бул окуялар алдын-ала пландаштырылган иш-аракет деп баалашыбыз керек. Бул көз карандысыз эксперттерге кайрылууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыр ачык айта турган учур келди, ЖККУ — бул эч кандай мааниси жок, аморфтуу уюм. Бизде революциялар жана кагылышуулар болгонун алар көрүп жатышты, Тоолуу Карабакта кандай окуялар болду, ЖККУ ар дайым четте турду.

Ошондуктан, биз аскердик кагылышууларда ЖККУдан үмүт жок экендигин, тийиштүү реакция жок экендигин так түшүнүшүбүз керек. Ошон үчүн ЖККУга байланыштуу кыялдардан арылышыбыз керек. Мындай кырдаалда бир гана жол — дүйнөлүк коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын көңүлүн буруу гана зарыл.