Панфилов районунун Чалдовар айылынын тургундары,  Баткенде чек ара чырында жабыр тарткан үй-бүлөлөргө  жардам иретинде, жалпы 223 370  сом  чогултуп беришти.

Эске салсак, чек арадагы  чырдан  жалпы облус боюнча 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 Ички иштер министрлигинин имараты, 1 бала бакча, 3 чек ара заставасы, 10 АЗС жана 8 дүкөн талкаланган. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.