Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан чет өлкөлөргө 122,4 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Жалпысынан бул товар 450 миң долларга сатылды.

Сатып алган өлкөлөр:

Сауд Аравиясы — 34,8 (тонна);

Бириккен Араб Эмирлиги — 30,3;

Кувейт — 28,5;

АКШ — 12,2;

Франция — 5,8;

Япония — 2,2;

Катар — 4,1;

Иордания — 2,1;

Бахрейн — 1,5;

Казакстан — 0,4;

Түштүк Корея — 0,2;

Малайзия — 0,1;

Улуу Британия — 0,1;

Аты белгисиз мамлекет — 0,1.

Былтыркы жылдын ушул убагында 59,8 тонна бал 204 миң долларга сатылган.

Экспорттоонун көлөмү негизинен араб өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн балдын эсебинен өскөн. Мисалы, Кувейт мурда 2,6 тонна алса, быйыл экспорттун көлөмүн 28,5 тоннага жеткирген. Анткен менен айрым мамлекеттер азыраак алган же такыр эле баш тарткан.