Бүгүн, 3-майда Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор кадимки тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда маршруттук унаалардын айдоочулары 3-майда жол кире акысын көтөрүү багытында митинг өткөрөөрү жөнүндө такталбаган маалыматтар тараган.

Белгилей кетсек, бул багытта Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери маршруттук унаалардын айдоочуларына жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Бүгүнкү күндө эч кандай митингдер өткөн жок. Коомдук транспорттор өз нугунда иш алып барууда», — деп айтылат билдирүүдө.