Кечээ, 2-майда Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Исфана шаарындагы Лейлек райондук ооруканасында болушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар кыргыз-тажик чек ара чыр-чатагында ар түрдүү даражада жаракат алышкан жарандарды барып көрүштү. Депутаттар алардын ал-ахыбалдарын, дарылоо кандай жүрүп жатканын сурап, батыраак айгып кеткиле деген каалоолорун айтышып, медициналык мекемеге оорулууларды дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер беришти.

Ошондой эле, “Бөрү” атайын милдет аткаруучу отрядынын аскер кызматкерлери менен да жолугушуу болду. Талант Мамытов көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн аларга ыраазычылык билдирип, каржылык жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү чек ара чыр-чатагында жабыркаган бир катар жарандардын үйлөрүн өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен оңдоп берүүгө чечим кылышкан.