Милициянын көчмө кабылдамасы Баткен районунун Ак-Татыр, Аксай айыл аймактарында ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен РИИБнин милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылыш учурунда тажик тараптан оор артиллерия атылып, кээ бир жарылбай калган снаряддардан оолак болушун эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Аймакта жүрүп жаткан милициянын кайгуул күзөтү жарандардын коопсуздугун сактоодо топторго бөлүнүп, иш алып барышууда.

«Азыркы учурда бул аймактарда абал туруктуу. Милиция жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат»,-деп айтылат маалыматта.