КР өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу Мыйзам долбоорун жарыялады.

Кыргызстандын Баткен облусуна өзгөчө статус берүү каралып жаткан «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдайбыз.

Аталган Мыйзам долбоору Кыргызстандын президентинин тапшырмасы боюнча, Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын ишке ашыруу максатында Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыккан.

2021-жылдын 2-апрелинде аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Коомчулуктан түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы 178 токтому менен толукталып иштелип чыккан жана жактарылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кезексиз тартипте киргизилген.

Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү карайт:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана төмөнкүлөрдүн ыйгарылышы:

— өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу-бөлүштүрүү ыйгарым укугу жана өзгөчө статус;

— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

2. Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

— өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана контроль жүргүзүүчү Координациялык кеңешти түзүү;

— жеңилдетилген каржылоо механизми;

— облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;

— товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;

— Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;

— 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.