Кыргызстанда жугуштуу пневмония жана COVID-19 оорусунун дагы 224 учуру аныкталып, 8 бейтап каза болду . Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Ага ылайык:  Бишкек шаарында 139

Ош шаарында — 1,

Чүй облусунда — 63,

Ошто — 2,

Нарында — 8,

Ысык-Көлдө — 11 учур катталды.

2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 96 561 учуру катталды.

Акыркы суткада илдеттен 8 бейтап каза болду.

Бишкекте алты, Ысык-Көл облусунда эки өлүм катталды.