United Nations Palestinians

Кечээ, 3-майда Нью-Йорктогу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун башкы катчысынын саясий иштер жана тынчтыкты куруу боюнча орун басары Розмари А.Дикарло менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Миргүл Молдоисаева Розмари А.Дикарлого Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Атап айтканда, ал куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргызстандын 36 жараны, анын ичинде балдар курман болгондугун, 180ден ашуун адам жаракат алгандыгын, 33 миңден ашуун адам жер которууга аргасыз болгонун, жүздөгөн турак үйлөр, билим берүү жана инфратүзүмдүк объектилер талкаландыгын билдирди. Буга байланыштуу Миргүл Молдоисаева ички жер которгон жарандардын туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүсүнө, ошондой эле өлкөдөгү талкаланган инфратүзүмдүк объектилерди калыбына келтирүүгө БУУнун көмөктөшүүсүн өтүндү.

Мындан тышкары, Миргүл Молдоисаева эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруучу бийлик органдарынын кызматкерлеринин биргелешкен жумушчу топтун мындан аркы жемиштүү сүйлөшүү процесси үчүн стабилдештирүү чараларын ишке ашыруу максатында жасаган иштери жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Розмари А.Дикарло БУУнун чыр-чатактан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле БУУ системасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана агенттиктери аркылуу куралдуу кагылышуулар зоналарынан эвакуацияланган ички жер которгон адамдарга жардам көрсөтүү маселелерин кароого даярдыгын билдирди.