Өрттөлгөн бешиктин ыры

Ууртунан сүтү агып энесинин,
Уктачу эле наристе кучагымда.
Алдей ырын ырдачу чоң энеси,
Өткөндөрдү баяндап урпагына.

Чоң атасы бакылдап эркелетчү,
Эжекеси секелек терметчи эле.
Серпип таңда макмалдан бешик жабуум,
Апакеси ак таңды көрсөтчү эле.

Ыйбаа туткан атасы эч ким жокто,
Шоркурата жыттачу наристесин.
Мен термелсем термелчү бүткүл аалам,
Көктө айланчу түнү Ай, күндүзү Күн.

Уул жатчу эле, эр болоор, ата болоор,
Эртең мага бөлөнмөк уулу, кызы.
Кыз жатчу эле жар болоор, эне болоор,
Өрүкзарды жаңыртмак алдей ыры.

Өрттөп кетти бир түндө адам уулу,
Өрттөгөндөй уясын, балалыгын.
Өрттөгөнүн туйбады мени менен…
Энесинин эки элдин алдей ырын.

Бешик эне дебедиң маңкурт уулум,
Сага деле эне элем алдей айткан.
Зыр дегендир энеңдин көкүрөгү,
«Чырр» дегенде өрттөнүп бешик аалам.
Эки журттун өрттөдүң ынтымагын,
Эки элдин өрттөдүң эне ырын…

Автор. Айжаркын Эргешова