БУУнун башкы катчысы Антониу Гутериш Кыргызстан менен Тажикстанды атышууну токтотуу боюнча кабыл алынган тынчтык келишимин сактоого чакырды. Бул тууралуу брифинг учурунда уюмдун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

«Башкы катчы эки лидердин байланышын жана 1-майда ок атууну токтотуу боюнча кабыл алынган чечимди колдойт. Ал эки тарапты тең жетишилген келишимди сактоого бардык аракеттерди көрүүгө чакырат», — деди Дюжаррик.

Маалыматка караганда, БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман эки өлкөнүн бийлиги менен байланышта. БУУ зарыл болгон учурда жардам берүүгө даяр экени белгиленди.

Гутерриш маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандарга тез сакайып кетүүнү каалады.

Булак. Спутник.кж