Талас  районунун  Нуржанов жана Долоно  айылдык  аймагында Талас  райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  жарандардын  коопсуздугун  сактоо, сууга чөгүү кырсыктарынын  алдын алуу боюнча  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүп  жатат. 

Ал  жерлерде көлмө жана суунун  агымы күчтүү болгон  жана сууга түшүүгө кооптуу жерлерге эскертүүлөр илинип,  жакын арада жашаган тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Көп учурда  жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүүсүнө ата-энелердин жетишсиз көңүл бурулушу себеп болуп калышы мүмкүн.

Жыл башынан бери Талас облусу аймагында сууга чөгүп каза болгон  2 факты катталган. Анын кесепетинен 3 жаран  каза болгон.

Талас  РИИБнин кызматкерлери   каналдарга,  агын  сууларга, көлмөлөрдүн көрүнүктүү жерлерине атайын эскертмелерди, тактачалардын илинишин көзөмөлгө алышууда. Аталган иш-чара тынымсыз күнүгө жүргүзүлөт.

Талас ОИИБи эскертет: Сууга жакын жашаган  жарандарды жаш өспүрүм  балдарына тийиштүү көзөмөл жүргүзүү керек жана  кырсыктын алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын көрүү керек.

Талас  ОИИБнын Басма сөз кызматы