Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бирдиктүү чечим кабыл алынып,  бир күндүк эмгек акыларын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорундагы ИИБдин талкаланган  жана жарактан чыккан имараттарын, атайын техникаларын жана кызматтык унааларын ордуна келтирүү үчүн  которушту. Анткени Баткен жана Лейлек райондорунун ички иштер органдарынын кызматкерлери кыска убакыттын ичинде штаттык режимде өз иштерин улантыш керек.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-апрелинен 2-майга чейин Баткен жана Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепетинен жергиликтүү тургундар курман болуп, мамлекеттик имараттар, турак-жайлар жана автоунаалар жабыр тарткан.

Бул каргашалуу окуянын жүрүшүндө Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Жаңы-Жер, Көк-Таш, Интернационал айылында жайгашкан милициянын бөлүмдөрүнө зыян келтирилип, компьютерлер, мүлктөр жарактан чыккан.

Алсак, каргашалуу окуянын жүрүшүндө Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан милициянын аймактык пункту толугу менен күйүп кеткен.  Жаңы-Жер айылындагы милициянын аймактык пунктунун имаратына дагы кол салуу болуп, ичиндеги бардык эмеректер тонолуп талкаланган. Бул милициянын пунктун 2017-жылы 6-мартта Жаңы-жер айылдык кеңеши Лейлек РИИБне пайдаланууга беришкен. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн Көк-Таш айылында жайгашкан имараты дагы талкаланган.

Андан сырткары, Баткен ОИИБи аныктагандай, ок атышуунун натыйжасында «Газель» жана   «Нива» үлгүсүндөгү эки автоунаа талкаланган. Жалпысынан алганда ички иштер министрлигине 2 миллион 29 миң 829 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

ИИМдин Басма сөз кызматы