2021-жылдын 5-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү- түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте камсыздашууда.
 
Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Бул каргашалуу окуянын жүрүшүндө Лейлек районундагы эки милиция аймактык пункту менен 707 аскер бөлүгүнүн имаратына зыян келтирилип, компьютерлер, мүлктөр жарактан чыгып, ИИМдин эки автоунаасы талкаланган.
Баткен облусундагы бардык фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөөдө. Ал иликтөөнүн жүрүшү боюнча 48 тергөө тобунун катышуусунда жыйын өткөрүп, отчетторун укту. Ар бир тергөө тобуна аткарган иштери боюнча кошумча тапшырмаларды берип, келтирилген чыгымдарды тез арада тактоону жана иликтенип жаткан иштерди кыска мөөнөттө аягына чыгарууну талап кылды.
ИИМдин Басма сөз кызматы