Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Буга чейин Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы кызматын ээлеген. Ал 1973-жылы туулган.

Ага чейин Баткен облусунун башчысы кызматын Өмүрбек Суваналиев ээлеген.