Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол койду.

Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүү өтүп, анда шайлоочулардын 79%дан ашыгы “макул” добушун берген.