Шакиров Кутпидин Абдырахманович Кадамжай районунун акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Өкмөт башчы кол койгон.

Шакиров Кутпидин 2006-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматтын кадрлар резервине кабыл алынган.

Мамлекеттик кызматтын кенже инспектору.

Өмүр баяны

1977-жылдын 6-июнунда Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында туулган. Улуту кыргыз. 2 уул, 2 кыздын атасы;

— 1994-жылы Жаңы-Коргон айылындагы Б.Алыкулов атындагы орто мектепти аяктаган;

— 1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин эсеп-коммерция факультетине бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча кирип, 1999-жылы аяктаган;

— 2001-жылдан 2002-жылга чейин Айдаркен поселкалык өкмөтүндө муниципалдык кызматта;

— 2003-жылдан 2006-жылга чейин Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында иштеген;

— 2006-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүү жана инвестициялоо агенттигинин Кадамжай району боюнча эксперти болуп иштеген;

— 2008-жылдан 2012-жылга чейин Кадамжай райондук кеңешинин депутаты, төраганын орун басары;

— 2009-жылы Баткен облусунун мамлекеттик администрациясында билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

— 2011-2012-жыдары «Айдаркен» сымап АК ревизиялык комиссиянын мүчөсү;

— 2012-2016-жылдары Бирлик айылдык кеңешинин депутаты, төрагасы;

— 2014-жылы жалпы Кадамжай районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кошмо жыйынынын төрагасы;

— 2016-жылдан тартып Бирлик айылдык кеңешинин депутаты, төрагасы;

— 2011-жылы Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин кызмат ордуна талапкер.