Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 397 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 210,
Чүй облусунда – 130,
Ош шаарында – 5,
Ош облусунда – 9,
Ысык-Көл облусунда – 19,
Нарын облусунда – 11,
Жалал-Абад облусунда – 9,
Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Ош шаарында бир бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери, жалпы 1 миң 637 адам каза болду.