Бүгүн, 5-майда күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады.

Кайрылуунун текстинен үзүндү берүүнү туура көрдүк:

«Президент катары менин убактым өтө аз экенин жакшы түшүнүп турамын.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон берки изденүүлөрдөн соң биздин акыбалыбызды минтип сыпаттасак болот:

— элибиздин салт-санаасынын, маданий жана рухий дөөлөттөрүнүн деградацияга кириптер болушу;

— коомубуздун чар-жайыттыгы;

— мамлекетти башкаруу системасы сенектикке учурашы;

— экономика чабал;

— өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы.

Урматтуу кыргызстандыктар, кыргыз элим!

Былтыркы жылы мамлекетибиз үчүн абдан оор жыл болду.

Ички дүң продукциянын өсүш темпи дээрлик 9 пайызга төмөндөдү!

Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ички дүң продукцияга карата 3 пайызды түздү!

Ал эми, жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 58 пайызды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти!

Улуттук кызыкчылыктарды коргобостон, инвестицияны кор тутуунун натыйжасында стратегиялык тармактарыбыз — энергетика жана тоо-кен тармактары жабыркады.

Айыл-чарбасы майда товар өндүрүүнүн деңгээлинен көтөрүлө албай, өнүмдүүлүгү төмөн.

Экономикалык кыйын кырдаал элибиздин социалдык абалын күн санап оорлотууда.

Биз билекти түрүнүп, белди бекем бууп, алдыга карай иш-аракеттирибизди күчөтүшүбүз керек.

Жакын арада шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеш кароосуна жөнөтүлөт.

Бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат.

Анткени, административдик кийлигишүүгө тыюу салганыбыз менен, добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр кечээги жергиликтүү шайлоолор маалында байкалды.

Мындай көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери жок кылабыз.

Буга күчүбүз да, эркибиз да жетет» — деп айтылат кайрылууда.