Президент Садыр Жапаров 5-майдагы элге кайрылуусунда өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн мындан аркы пландары жөнүндө оюн билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, экономикалык реформаларды жүргүзүү, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтүү пландалган, баарын камтыган элемент катары санариптештирүү жүзөгө ашырылат.

«Биринчиден, биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз.

Баарынан мурда — себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүлөрдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз.

Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат.

Башкарууну жакшыртууга, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана санариптештирүүгө, салык жүгүн төмөндөтүүгө жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга багытталган фискалдык системаны реформалоо ишке ашырылат.

Биз мамлекеттик — жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз!

Андыктан, 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз.

Экинчиден, бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишениши маанилүү.

Пландалып жаткан соттук реформанын алкагында жеке менчик укугун коргоо күчөтүлөт.

Үчүнчүдөн, биз тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүүнү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздашыбыз керек.

Тышкы соода операцияларын жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй болот.

Ошондой эле, транспорттук-логистикалык интеграцияны камсыз кылуу, ата мекендик продукциянын сыртка чыгуудагы көйгөйлөрүн чечүү маанилүү.

Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат.

Андыктан, „Бир алкак — бир жол“ долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда.

Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз.

Биз заманбап шарттары бар мульти модалдык негиздеги жүк ташуучу авиахаб түзүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров экономикага түз инвестицияларды тартуу керектигине жана ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун өөрчүтүү зарылдыгына токтолду.

«Бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ошондуктан жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана инфраструктуралык базаларды калыбына келтирүү үчүн түз инвестицияларды жана сырткы жардамдарды тартуу маанилүү.

Бул кадамдардын мамлекеттин стратегиялык максаттарына жана милдеттерине шайкеш келиши абзел. Мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү.

Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм.

Жогоруда аталган реформалар экономиканын приоритеттүү секторлорун: энергетиканы, тоо-кен тармагын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет», — деп билдирди Президент Садыр Жапаров.