Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Кол коюлган Жарлыкка ылайык:
Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын коргоо министри болуп дайындалды;
Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;
Чынбаева Асел Рыспековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;
Купешев Болотбек Душекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;
Иманалиев Кайрат Олжобаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрт болуп дайындалды;
Ажикеев Бообек Эргешевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;
Ниязбеков Улан Омоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;
Абдралиева Гүлмира Курманбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды;
Турдубаев Кубанычбек Апышевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды;
Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын айыл, токой жана суу чарба министри болуп дайындалды;
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри болуп дайындалды;
Кутманова Динара Асиевна Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалды;
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.