Кыргызстанда 10-май жумушчу күн деп жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-май – Жеңиш күнү жекшемби күнүнө туш келгендиктен эс алуу күнү кийинки күнгө, тагыраагы дүйшөмбү күнүнө жылдырылмак. Бирок өкмөт ал эс алуу күнүн 30-августка жылдыруу чечимин кабыл алган.

Мындан улам 10-май жумушчу күн деп жарыяланып, ал эми август айында кыргызстандыктар 4 күн караты менен эс алышат. Алар 27, 28-август (ишемби жана жекшемби күнү), 10-майдын ордуна 30-август (дүйшөмбү) жана 31-август – Эгемендүүлүк күнү эс алуу күндөр болуп жарыяланды.