Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз мамлекетинин башчысы Садыр Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстандын Президентинин сайтына жарыяланды.

«Эл тарабынан колдоого алынган Баш мыйзам Кыргыз мамлекетин өнүктүрүүнүн, анын эгемендигин коргоонун жана коомду андан ары консолидациялоонун узак мөөнөттүү стратегиясынын бекем негизин түзөт. Сиздин демилгелериңизди жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, калктын жыргалчылыгын жогорулатууга жана эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүүгө шарт түзөт. Казакстан Кыргыз мамлекетинин стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары, боордош кыргыз элине мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр», — деп жазылат куттуктоодо.