Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Презеденттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

5-майдагы маалымат боюнча, Баткен облусунун аймактарында кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан курулуштар боюнча 136-турак-жай жана 84 объектке зыян келтирилди.

Лейлек районунан Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулуңду айылдарына жайгаштырылды.
Жалпы Баткен облусу боюнча 40649 жаран эвакуацияланган.