Кыргызстанда 2021-2022-окуу жылына аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгы билдирет.

Аскердик окуу жайлардын тизмеси, бөлүнүп жаткан окуу орундарынын болжолдуу саны жана аскердик окуу жайларга тапшыруу шарттары жөнүндө маалымат Коргоо министрлигинин www.mil.gov.kg расмий сайтындагы «Билим берүү» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Аскердик окуу жайларга тапшырууну каалагандар КР КМ расмий сайтындагы аталган бөлүмүндө онлайн каттоодон өтүп, андан кийинки нускама боюнча иш алып барышы керек.

Документтерди кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 20-майына чейин жүргүзүлөт.