Мамлекеттик салык кызматы 4 айда 29 миллиард 781 миллион сом салык жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын январь айынан тартып апрель айына чейин 29 миллиард 781 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 106,9 пайызга аткарылды же 1 миллард 923 миллион сомго ашыгы менен жыйналган.

«2020-жылдын 4 айына салыштырмалуу салыктар 7 миллиард 864 миллион 600 миң сомго көп жыйналды. Ошол эле учурда республикалык бюджетке 23 миллиард 641 миллион 200 миң сом салык жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 6 миллиард 421 миллион сомго өстү. Ал эми жергиликтүү бюджетке 6 миллард 140 миллион 400 миң сом салык түштү, тагыраагы 662 миллион 200 миң сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 443 миллион 600 миң сомго көп жыйналды», — деп жазылат билдирүүдө.