Коопсуздук жана чек ара боюнча вице-премьер-министр, КР Акыйкатчысы Токон Мамытов:

«Кыязы, бул тажик тараптын сунушунун долбоору. Он сегиз жылдан бери коңшу мамлекет ушул шарттарды — 1924-1927 жана 1989-жылдардагы карталарды чек ара маселелери боюнча бардык сүйлөшүүлөрдө карап чыгууну дайыма талап кылып келатат. Бул алардын позициясы. Бирок бизде бир аз башкача позиция бар, бул вариантка кол коюлган деп ойлобойм, ошондой эле калктуу конуштардын аталыштарына көңүл буруңуз: мисалы, “Көктөш”, биз бул бөлүктү «Көкташ» деп атайбыз ж.б.у.с. Бул биздин өлкөдөгү кырдаалды татаалдаштыруу максатында маалымат мейкиндигинде атайын жасалган ыкма деп эсептейм. »

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

«Кыргыз Республикасы менен Тажикистан Республикасынын ортосундагы болжолдуу макулдашуу жөнүндө. Тажик тарап биргелешкен билдирүү жасоо жөнүндө атайылап салмак салгандыгы жөнүндө маалымат келип түштү жана бул жасалма, фейк маалымат».