Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен жарандарды документтештирүү иштерин улантышууда. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Мамкаттоонун бөлүмдөрү Баткен шаарында, Көк-Таш (Баткен) жана Максат (Лейлек) айылдарында иштеп жатышат. Ал үчүн көчмө Калкты тейлөө борборлору жер-жерлерде жайгаштырылды.
«Учурда өлкө жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү ID-карта паспортторун даярдоо үчүн 47 арыз, 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 10 нике күбөлүгүн жана каза болгондугу жөнүндө 7 күбөлүктү калыбына келтирүү боюнча арыздар кабыл алынды. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жашаган үч этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз менен кайрылышты», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан Максат айылындагы башаламандык учурунда айдоочулардын жоголгон документтерин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда 12 айдоочулук күбөлүктү жана автоунаалардын каттоо күбөлүктөрү калыбына келтирилип жатат.
Юстиция министрлигинин Ош жана Баткен аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жабырлануучуларга акысыз юридикалык консультациялар берилүүдө.