Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын жана Баткен районундагы Орто-Боз айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда Мамлекет башчысы баткендиктерди чек ара маселелерине байланыштуу ар кандай чагымчыл жалган маалыматтарга алдырбоого жана такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Бузулган үйлөрдүн бардыгы акысыз калыбына келтирилерин, курулуш иштери ушул жылдын июнь айына чейин аяктарын, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилерин дагы бир жолу маалымдады.

Ал өзгөчө статус алуу менен Баткен облусу бир катар жеңилдиктерге ээ болорун, чек ара жаңжалынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдө реабилитациядан өтө тургандыгын баса белгиледи.

Президент ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин, анын ичинде чек арачылардын эмгек шартын жакшыртуу жана айлык акыларын жогорулатуу боюнча чаралар улантыларын кошумчалады.

Садыр Жапаров чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө, бул маселе өлкө жетекчилигинин күн тартибинде биринчи орунда турган маселе экенине токтолду. Анын айтымында, учурда бардык күчтөр чек ара көйгөйлөрүн толугу менен чечүүгө багытталат.

«Мен Баткен облусун колдоо үчүн өзгөчө күч-аракеттерди жумшайм. Биз эч кимге кыргыз жерине ээлик кылууга жол бербейбиз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Жергиликтүү тургундар чек арачылардын тышкы коркунучтардын мизин кайтарууга даярдыгына канааттануусун билдиришти, мамлекет тарабынан мындан ары күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бурулса деген тилектерин айтышты.

Президент Садыр Жапаров менен баарлашуу маалында жергиликтүү тургундар мамлекеттин мындан аркы колдоосуна, жерлерди трансформациялоого жана башка маселелерге кызыгышты.