Кыргыз Өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу макулдашуусун жарыялады
Кыргызстандын Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийин кабыл алынган макулдашуусун жарыялады.
Эмне белгилүү?
Макулдашууга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзүшкөн. Аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырат. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат. Жолдун курулушун дароо баштоо боюнча топографиялык жумушчу топторго долбоорлоо уюмдары менен кошо 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен районундагы пайдаланылган жер тилкелерин изилдөө тапшырмасы коюлду. Ошондой эле тараптар Ворухтун чегин тактоо ишине дал ушул «Кожалы (Хожаи Аъло) — Ворух» жолунун курулушу бүткөндөн кийин киришүүнү макулдашкан.
Мындан тышкары эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын №43 чек ара аймагынан тарта №61 чек ара аймагына чейинки, №135 чек ара аймагынан тарта №141 аймакка чейинки тилкесин чийип чыгууну чечишти. Ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын комиссиянын документтерин пайдаланышат.
Ал эми топографиялык жумушчу топко 2021-жылдын 5-майынан 9-майына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аталган аймактардагы долбоордук сызыкты сүрөттөө тапшырмасы берилген. Муну менен бирге эки тараптын жумушчу тобу 17-майга чейин Тажикстандын Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача аймагы, Исфара шаарындагы Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдары, Кыргызстандын Лейлек районундагы Лейлек Максат, Кулунду калктуу пункттары, Баткен районундагы Көк-Төш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдары боюнча мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгы жана топографиялык иштерди жүргүзүүнү баштайт.
Министрлер кабинети тараткан маалыматка ылайык, эки тарап кийинки жолугушууну Тажикстанда өткөрүүгө макулдашкан.
Мурдараак Тажикстандын жергиликтүү басылмалары Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча биргелешкен протоколун жарыялаган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 36 жетип, 183 киши жараат алды. Арасында 5 жана 13 жаштагы балдар бар. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.
Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктардын так саны тууралуу расмий маалымат бергенин Азаттыктын» тажик кызматы билдирди. Билдирмеге караганда, каза болгондордун саны 19 киши, 87си жараат алган.
1-2-май күндөрү Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев менен тажикстандык кесиптеши Саймумин Ямитов Согди облусунда жолугушуу өткөргөн. Ага ылайык, тараптар ок атууну токтотуу жана аскерлердик толугу менен мурдагы жерлерине кайтаруу макулдашкан. Учурда жаңжал чыккан аймакта ички иштер кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап турат.
Булак: Т-медиа