Бүгүн Туран партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов камакка алынды.

Бул тууралуу анын тарапташы Эрлан Бекчоро уулу фейсбук баракчасына жазды.

Эске салсак, бүгүн эртең менен саат 10.00дө Молдакматов суракка кирип, саат 13:30 да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган. 

Ал эки иш боюнча сурак берип жатат. Биринчиси 5-6-октябрдагы окуяларга күбө катары, ал эми экинчиси 9-октябрь боюнча козголгон кылмыш иш боюнча сурак берип жатат.

Булак: Марал радиосу