Жума күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбордо +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градус болору боолголонду.