Бүгүн, 7-майда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралат.

Ал, кечээ, 6-майдын кечинде Октябрь  окуялары боюнча Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

Молдокматовго Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылып жатат.

7-майда саат 10:00дө ИИМдин Тергөө кызматына сурак берүүүсү уланат жана баш коргоо чарасы каралат.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Бирок ал одоно мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан көптөгөн саясий партиялар жыйынтыгын тааныган эмес жана нааразылык акциясына чыгышкан. Бул митингге катышкандардын саны көбөйүп, 6-октябрь күнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, Ак үй басып алынган. Натыйжада бийлик алмашкан.