Россиянын Москва шаарында 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата өтө турган салтанаттуу парадга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышпайт. Бул маалыматты президенттин катчысы Берик Уали жарыялады.
Анын маалыматына ылайык, «Мамлекет башчысынын басма сөз кызматына Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн Касым-Жомарт Токаевдин Москвадагы Жеңиш парадына катышуусу боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү келип түшкөн. Россия тараптан тийиштүү чакыруу болгон жок, ошондуктан Москвага иш сапары президенттик графикте пландаштырылган эмес ”, — деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.
Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москвадагы парадга катыша турганы белгилүү болгон. Анын алдында президент Владимир Путин менен да жолугушат.