Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 3 өспүрүм жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп районунда 7-май күнү саат 00:57 чамасында Шаты-Ичке-Суу-Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) БМВ-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ болбой жолдун жээгиндеги бакты сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы жигит каза болуп, 18 жаштагы 3 жигит жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.