Эмгек партиясы Баткенкендеги чек — ара кагылышуусунан талкаланган мектап имаратын кайрадан калыбына келтирүү жөнүндөгү билдирүү таратты.

Ал эми партиянын биринчи тизмесинен талапкер Жаныбек Абиров чек ара коогасынан жабыркаган үй-бүлөөлөргө 200 миң сом жардам берилээрин айтты.

Соц тармак колдонуучулары партиянын дал ошол билдирүүлөрүн жүйө келтирип, мыйзам одоно бузулганын, бирок буга БШК дагы, Жергиликтүү шайлоо комиссиясы дагы көңүл бурбай жатканына нааразы болушууда.

Белгилей кетсек Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы чыга элек. Шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматов: «Шайлоого катышкан талапкерлер, саясий уюмдар, партиялар шайлоонун жыйынтыгы чыга электе кайрымдуулук кылууга мыйзам тыюу салган»-деп эскерткен.

11-апрелде Кыргызстандын 28 шаарында 420 айыл аймыганды Жергиликтүү кеңешке шойлоо жана референдум өткөн. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык Бишкек шаардык кеңешине 5 партия, Ош шаардык кеңешине 4 партия жеңишке жатишкен.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 2 майга чейин жарыяланмак, Бирок буга чейин шайлоодон четтетилген НДПК партиясына байланышкан соттук процесстер уланып жаткандыктан БШК шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгарууга шашпай жатат.