9-май- Улуу Жеңиш күнү.  Ар жыл сайын  ИИМдин Академиясынын кызматкерлери бул күнгө утурлай  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине  жылуу сөздөрүн айтып, жакшы каалоо-тилектерин билдирип, жардамдарын берип келет. Быйыл дагы  Жеңиш майрамынын 76 жылдык мааракесине  карата Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашашкан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүштү.  Аларга белек-бечектер менен барып, жылуу маанай тартуулоо менен бирге батасын алып кайтышты.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы