Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде Президент менен Өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлдү.

Ошондой эле, Мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Сатыев Медербек Асанбекович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Зулпиев Бектур Рысбаевич — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.