Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында 14 жаштагы өспүрүм асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 6-май күнү болгон. Болжол менен саат 14:00 чамасында өспүрүмдүн жансыз денесин короодон жакындары табышкан.

Бул факты Ысык-Көл РИИБинде маалыматтын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

“Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда күч колдонуу белгилери аныкталган эмес. Ошондой эле өспүрүмдүн атасы жана бир туугандары эч кимге доо-арызы жок экенин билдиришип, соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан”,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгон өспүрүмдүн ата-энеси мындан 3 жыл мурун ажырашып кетип, балдар атасында калган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.