“Кумтөр Голд Компани” ишканасы кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандарга 10 млн сом бөлдү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, каражат өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын атайын эсебине которулду.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга ачылган атайын эсепке жалпы 55,6 млн сом чогулду.