Кыргызстанда 8-майга карата коронавирус дагы 416 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 246,

Ош шаарында – 10,

Чүй облусунда – 110,

Ош облусунда – 3,

Нарын облусунда – 5,

Ысык-Көл облусунда – 25,

Жалал-Абад облусунда – 15,

Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4,

Чүй облусунда – 1

Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 98 миң 79 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 91 миң 267 киши айыгып чыкса, 1 миң 649 адам каза болду.