Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 7-майында 73 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери, меценат Ташкул Жанузакович Керексизов дүйнө салды.

Ташкул Керексизов Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» жана «Аалам ордо» комплексинин негиздөөчүсү. Аталган комплекстер кыргыздын улуттук рухун көтөрүп, сыймык жаратуучу уникалдуу маданий объектке айланган.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин, 1981-жылы Алма-Атадагы жогорку партиялык мектепти аяктаган. 1972-1977-жылдары Кыргыз керек-жарак союзунун аппаратында товаровед, 1980-1982-жылдары Панфилов райондук керек-жарак союзунун төрагасы, 1990-1992-жылдары Москва райондук керек-жарак союзунун төрагасы болуп, 1996-жылы Кыргызстан Кооперативдер бирдигин жетектеген. 1996-1998-жылдары Талас облусунун губернатору, Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын директору болгон. 1999-2000-жылдары Кыргыз Рес публикасынын министри-мамлекеттик мүлк фондунсунун жетекчиси болуп иштеп, бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарда эмгектенген.

2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Кыргыз мамлекетине кылган ак кызматы үчүн Эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы «Манас» орденинин ээси болгон.

Кыргыз Республикасынын маданияты менен көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө чын ылакстан кызмат кылып, зор эмгек сиңирген.

Кыргыз элибиздин чыгаан уулу, коомчулукта, эл аралык деңгээлде өзүнүн кайталангыс эмгеги менен элдин калың катмарына таанымал болгон атактуу ишмер Ташкул Жанузаковичтин жаркын элеси кыргыз элинде түбөлүк сакталат.

Ташкул Жанузаковичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов, Н. Ж. Бакирова,

Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, С. С. Касмамбетов, А. Э. Новиков,

У. Т. Кармышаков, Ж. К. Бакашова, А. А. Дыйканбаев, А. К. Касымалиева, Н. О. Сыдыгалиев, И. Ш. Омуркулов, Ж. К. Турускулов, М. К. Алимбеков, Б. Э. Торобаев, А. Т. Сулайманов, С. К. Нышанов, Б. Ж. Субанбеков,

Б. С. Турусбеков, С. К. Ибраев, Б. И. Сулейманов, И. Т. Гайпкулов,

А. И. Мамбетов, Т. Тургуналиев, А. М. Муралиев, А. М. Салымбеков,

Б. Ж. Кудайбергенов, Н. Б. Нарбеков, Э. Н. Жантаев ж. б.