Бүгүн 9-май – Улуу Жеңиш күнү. Совет элинин улуу жана ыйык майрамы. 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган. Ошол эле замат И.Сталиндин жарлыгы менен 9-Май — Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган.
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан кан майданга 365 миң жоокер аттанган. Алардын 150 миңден ашыгы курман болгон. Ал эми беш миңден ашыгынын ушул кезге чейин дайынсыз. 73 эр азаматтарыбыз Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда 146 согуштун ардагери калды. Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүлөт.
Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин ичинен 33 майып, 85 катышуучу, 13 концлагерлердин жашы жете элек туткуну, 15 Ленинграддын блокадачысы, 1304ү оорук эмгекчиси, 2 эмгек армиячысы, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 5 үй-бүлөсү бар. Мындан улам аларды социалдык колдоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу ай сайынкы жана ар жылдык бир жолку төлөмдөр түрүндө жүзөгө ашырылат.
Булак: Биринчи радио