Президенттин аппаратынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов Лейлек районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагерин куттуктап, кабар алды. Бул тууралуу журналист Алмаз Чербеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Лейлектин кулуну, биздин агабыз Икрамжан Илмиянов Лейлек районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринен кабар алып, майрамы менен куттуктаптыр. Кара-Суулук Эгемберди Абылкасымов райондо калган жалгыз ардагер экен. Улуу Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!»,- деп билдирүү калтырган Чербеков.