Экономика
Январь-апрель айларында пенсия жана жөлөк пулга 17 миллиардга чукул каражат сарпталды
Өлкөдө 2021-жылдын январь-апрель айларында пенсия жана жөлөк пулга 16 миллиард 577 миллион 800 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлады.
Маалыматка ылайык, пенсия жана жөлөк пулдардын каржылануусу апрель айына 4 миллиард 146 миллион 100 миң сомду түздү.
Пенсия жана жөлөк пулдун аймактар боюнча бөлүнүшү:
Бишкек шаары — 2 миллиард 708 миллион 100 миң сом;
Чүй облусу — 2 миллиард 552 миллион 400 миң сом;
Нарын облусу — 1 миллиард 324 миллион сом;
Ысык-Көл облусу — 1 миллиард 510 миллион 900 миң сом;
Талас облусу — 685 миллион 100 миң сом;
Ош шаары — 592 миллион 200 миң сом;
Ош облусу — 3 миллиард 36 миллион 600 миң сом;
Баткен облусу — 1 миллиард 325 миллион 200 миң сом;
Жалал-Абад облусу — 2 миллиард 843 миллион 300 миң сом.