2021-жылдын 30-апрелинен 6-майга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 579 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— мас абалында автоунаа башкаруу — 32;

— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 9;

— айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 45;

— “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар авто унаалар — 34;

— башка жол эрежелерин бузуулар — 4 459.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, ар кандай эреже бузган 363 автоунаа айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.