«Ихлас» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 20 үйдү калыбына келтирүүнү баштады.

Курулуш ишине капсула салуу кечээ, 9-майда башталган.

«Баткендеги үйлөрдү куруу иштерин баштадык. Бир жума мурун 20 үй куруп берүүнү убада кылганбыз. Мына ошол үйлөрдүн курулуш ишин алгач каргашалуу окуядан каза тапкандарга куран окуп, аксакалдардын ак батасы менен баштадык.

Башкы план боюнча, үйлөрдүн баары бир жерде (Чет -Булак айылына) жана бир стилде курулмакчы. Кудай буйруса, 2 айда курулуш иши бүтүп, жеринен ачкычтарын тапшырабыз деген ниеттебиз», — деген Нурбек Осмонов.