Улан Ниязбеков Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси менен жолукту
Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Баткен облустук милициясынын жетекчиси Мурат Боронов Баткен районунун аймагында Тажикстандын ИИМинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов жана Исфара ШИИБинин башчысы Фердаус Шамадзаде менен дагы жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактарда абалды турукташтыруу, коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай тартип бузууларга жол бербөө, коомдук тартипти биргелешип сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоодо Кыргыз-Тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо маселелери боюнча пикир алышып, коомдук тартипти камсыздоону күчөтүү максатында өз ара макулдашууларга жетишишти.