Өкөдө 10-майга карата жалпы 254 адамдан COVID-19 илдети аныкталып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде: Бишкек шаары – 195
Ош шаары – 3
Чүй облусу – 25
Ош облусу – 1
Нарын облусу – 4
Ысык-Көл облусу – 17
Жалал-Абад облусу – 9
Жалпы катталган учурлардын саны 98 миң 654.
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду. Билдирүүгө ылайык, өткөн суткада Бишкек шаарында 3, Чүйдө 2 бейтап каза болду.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1660 кишини түздү.