Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жатып кургак учук жугузуп алган аскерлердин саны 33кө жетти. Мындай маалыматты коргоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө төрт жоокер шаардык кургак учукка каршы ооруканадан чыгарылып, аскер госпиталында дарылануусун улантууда. Жакынкы күндөрү дагы экөө аскер госпиталына которулат.

Белгилей кетсек, Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алганы айтылган.  Андан соң алардын саны 26га жеткени кабарланган. Кийинчерээк  коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев жоокерлердин кургак учук жугузуусу Тогуз-Торо аскер бөлүмүнөн башталып, оору 29 жоокерден табылганын маалымдаган.